Биринчи радио Эфирде “Шакжүрүш” 15.03.2021

видео
15 Март 2021
2099

Эфирде “Шакжүрүш” Кыргызстан-Өзбекстан кызматташтыгы Өткөн аптада КР Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда ачык-айкын, достук маанайда өткөн сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгондугу белгиленди. Ошондой эле кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун документке, анын ичинде КР Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Эки өлкө ортосунда кызматташтыкты мындан ары өркүндөтүү жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алака-катышты жөнгө салуу талкууланды. Кыргызстан-Өзбекстанды бириктирген жагдайлар тарыхта да белгилүү. Эки коңшу мамлекетти дагы кандай жагдайлар бириктирет, өз ара мамилени жөнгө салуу, достук, ынтыммак-ырашкерликти улантуу эки өлкөгө канчалык пайдалуу? Келечекте кызматташтык менен өнөктөштүктүн кандай артыкчылыктары бар? Уктурууга КР толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Бактыгүл Каламбекова, тарыхчы-окумуштуу Кыяс Молдокасымов жана КР экономика жана финансы министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнидин Жумалиев катышууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение