Инвестицияны илгерилетүү илеби 5 КАНАЛ

видео
19 Январь 2021
2893

Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын агымын стимулдаштыруунун жаңы механизмдерин киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев жана башка депутаттар тарабынан демилгеленген, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте иштелип чыккан “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Аталган Мыйзам инвестициялоонун маселелерин козгогон төмөнкү эрежелерди карайт:

1. “Инвестициялык лоттор” түшүнүгү киргизилген, бул инвестициялык сунушту, долбоордун инфраструктурасын, активдерин, чийки зат базасын талдоону, уруксат берүүчү документтерди жана преференцияларды камтыган демилгеленген долбоорлордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен инвесторго берилген чечимдердин жыйындысын билдирет;

2. Райондук мамлекеттик администрацияга жерлерди которуу укугун берүү аркылуу которуу жөнөкөйлөштүрүлөт.

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууну түзүү үчүн инвестициялык долбоорго инвестициялардын босогосун 10 миллион АКШ долларына чейин азайтуу. Мурда бул босого 50 млн.АКШ долл. түзгөн;

4) Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги 10 миллион сомдон ашык инвестиция салган инвесторлорго инвестициялык виза алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине арыз берүүгө укуктуу;


Предложения по улучшению сайта
Онлайн обращение