Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратынын жана Аймактар аралык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын административдик кызмат орундарына кадрлар резервине кабыл алууга ачык конкурсту жарыялайт

Вакансии
10-Январь 2024-ж.



Административдик кызмат орундарынын улук тобуна:

  • эл аралык кызматташтык жана соода саясаты чөйрөсүндө


Кадрдык резервге кирүү үчүн талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:


- Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

- 21 жаштан кем эмес - мамлекеттик жарандык кызматка;

- мыйзамдарда жана ишке орноштурууну жүргүзгөн тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан бул кызматка белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүү.


Жалпы квалификациялык талаптар


Кесиптик билим деңгээлине карата квалификациялык талаптар:

- экономика, эл аралык мамилелер боюнча жогорку билим.


Кызматы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.


Маалымдуулугу:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
  2. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  3. милдеттүү чет тилин билүү;
  4. компьютердик сабаттуулук жана санариптик компетенттүүлүк.


Ыктуулугу: 

- экономикалык талдоо жүргүзүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларына баа берүү жана чечимдердин варианттарын даярдоо;

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалыматтарды иштеп чыгуу;

- электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө маалыматтарды берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууга;

- кесиптик этиканын нормаларын эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүгө;

- тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде компьютердик сабаттуулук (Microsoft Office: Word, Excel, Power Point, Toktom);

- эконометрикалык анализ жана болжолдоо пакеттери менен иштөө: Eviews, Stata ж.б.;

- оргтехника менен иштөө: көчүрмө машиналар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.


Предметтик мыйзамдарды билүүгө квалификациялык талаптар:


- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө”, “Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө”, “Товарларды импорттоодогу атайын коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чаралар жөнүндө”, “Экспорттук контроль жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-мартындагы № 37 "Кыргыз Республикасынын тышкы саясий концепциясы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын                                     15-ноябрындагы № 250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобо;

- 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясы;

- 1994-жылдын 15-апрелиндеги Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун түзүү боюнча Марракеш келишими.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага тиркеп тапшыруу керек:

- өзүнүн арызы форма боюнча жүктөө арыз.pdf;

- кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

- өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- резюме сүрөтү менен форма боюнча жүктөө резюме.pdf;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин  көчүрмөсү;

- чет тилин билгендигин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;

- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

- паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.


Жеке арыз жана резюменин формаларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынан көчүрүп алса болот: http://mineconom.gov.kg Бош кызмат орундары бөлүмүнө.


Документтер 2024-жылдын 10-январынан 19-январына чейин саат 10.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 106, каб.221. Түшкү тыныгуу 12.30 дан 13.30 га чейин.


Персонал менен иштөө боюнча бөлүмү, сурап билүү тел: 620535 (ички номер: 187, 205, 210, 355).


ЭСКЕРТҮҮ: Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.


Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларында алынган дипломдор билим берүү чейрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жогорку окуу жайлары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин, мазмунун жана Кыргыз Республикасында алардын колдонуусун ырастаган корутундусу берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу