Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик жарандык кызматынын административдик бош кызмат орунду ээлөө үчүн ачык конкурс жарыялайт

Вакансии
03-Ноябрь 2020-ж.

Салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн адиси – 1 шт.б. (К-Б).


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз; 
  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен); 
  • өмүр баяны (соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • резюме;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү, 
  • билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража жана илимий наам берүү тууралуу документтердин көчүрмөсү.

Эмгек китепчесинин, дипломдорунун жана сертификаттарынын көчүрмөлөрү нотариалдык же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш 

Бардык документтер делого тиркелүүгө тийиш.

Сынакка катышуучулар сунуштама каттарын кошумча катары тапшырса болот.

Бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн документтер 2020-ж. 18-ноябрына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чүй проспекти, 106, 221-б. (персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 620535 (кошумча ном. 187, 248, 355).

Сынакка катышууга уруксат берилген адамдарга сынактын өткөрүлө турган жери жана убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет. 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Арыздын үлгүсү.docx

Квалификациялык талаптар.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу