Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик жарандык кызматынын административдик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык конкурс жарыялайт

Вакансии
28-Январь 2020-ж.


Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги мамлекеттик жарандык кызматынын административдик бош кызмат орундарын ээлөө үчүн ачык конкурс жарыялайт

Вакансии

 

                       

  1. ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башчысы – 1 шт.б. (Б-Б);
  2. Мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын банкроттук саясат жана баалоо иши секторунун башчысы – 1 шт.б.(У-А);
  3. Оперативдүү экономикалык иштеп чыгуулар бөлүмүнүн башкы адиси -– 1 шт.б.  (У-Б);
  4. ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын интеграцияны өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – 1 шт.б. (К-А);
  5. Ишкердик саясат башкармалыгынын атаандаштыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси – 1 шт.б. (К-Б).


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • бош орунду көрсөтүү менен өздүк арыз; 
  • кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча (сүрөтү менен); 
  • өмүр баяны (соттолгондугу бар же жоктугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  • резюме;
  • паспорттун көчүрмөсү (паспорттун оригиналы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү, 
  • билими тууралуу, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даража жана илимий наам берүү тууралуу документтердин көчүрмөсү.

Эмгек китепчесинин, дипломдорунун жана сертификаттарынын көчүрмөлөрү нотариалдык же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш 

Бардык документтер делого тиркелүүгө тийиш.

Сынакка катышуучулар сунуштама каттарын кошумча катары тапшырса болот.

Бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн документтер 2020-ж. 10-февралына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Чүй проспекти, 106, 221-б. (персонал менен иштөө бөлүмү), сурап билүү тел: 620535 (кошумча ном. 187, 248, 355).

Сынакка катышууга уруксат берилген адамдарга сынактын өткөрүлө турган жери жана убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет. 

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Квалификациялык талаптар.docx

Арыздын үлгүсү.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу