НДС толому боюнча
Мамлекеттик сатып алуулар аркылуу курулуш иштери боюнча откорулгон конкурста женуучу болуп, айыл окмот менен курулуш иштерин аткарууга келишим тузулуп, курулуш иштерин толугу менен буткоруп, заказчыга комиссия аркылуу откоруп бергенмин. Бирок конкурска катышуу учурунда курулуш иштеринин сметасында НДС корсотулгон. Себеби биздин компания НДС толоо парогуна жетейин деп турган, бирок акча каражаты заказчы тарабынан кечигип которулгандыктан, курулуш иштерин буткоргон учурда НДС парогуна компания жетпей калган. Сметада корсотулгон НДСтин суммасы транспорттук чыгымдарга жумшалган, себеби сметада транспорттук чыгымдар корсотулбой калган. Прокуратура тарабынан текшеруудо, НДСтин суммасын кайтарып толойсун, кылмыш ишин козгойм деп жатат. Ушул боюнча тушундуруп берсениздер, мен кылмыш жасаганмынбы, НДСтин суммасын кайтарып толоп беришим керекпи.
Суроолорго жооп:

Министрлик,    Cиздин   2019-жылдын   29-мартындагы   №42 - электрондук кайрылууңузду карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

Берилген катыңызга ылайк Сиздер менен айыл өкмөтүнүн ортосунда курулуш иштерин аткарууга келишим түзүлгөн.

Курулуш иштеринин сметасында КНСтин суммасы көрсөтүлгөн.

Бирок жалпы аткарылган курулуш иштери КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаган эмес (8 млн.сом). 

Буга байланыштуу сметадагы киргизилген КНСтин суммасы буюртма ээсине кайтарылып берилет.

Эгерде сметага транспортук чыгымдар киргизилбесе, анда сметанын чыгымдарга кошумча толуктоолор (өзгөртүлөр) киргизүү зарыл.

Суроо берүү
Издөө
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу