Аймактар аралык башкармалык айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча программаларды иштеп чыгуу боюнча тренингдерди өткөрүүдө

Новости
23-Январь 2024-ж.
805

2024-жылдын 17-январынан 23-январына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен биргеликте административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу маселелерин талкуулады. Атап айтканда, бул программанын зарылчылыгы, анын иштеши жана келечеги тууралуу сунуштар айтылды.


Жыйынга ошондой эле Нарын облусунун район жетекчилери, акимдин биринчи орун басарлары, Нарын районундагы 27 айыл өкмөт башчылары, социалдык-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Аймактар аралык башкармалык айыл аймактарынын социалдык-экономикалык ɵнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча окуларды өткөрүудө.


Жогорудагы иш-чарага улай 2024-жылдын 17-23-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бѳлүмү тарабынан Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары менен бирдикте облустун айыл аймактарынын социалдык-экономикалык ѳнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча семинар-тренинг ѳткѳрүлүүдɵ. 

Семинар-тренингге Нарын облусунун 27 айыл аймактарынан айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчылары, тийиштүү жооптуу кызматкерлери катышып, программаны иштеп чыгуу боюнча тиешелүү билимдерди жана практикалык кѳндүмдѳрдү алышты. 


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Нарын аймактык бѳлүмүнүн жетекчиси жана кызматкерлери айыл ѳкмѳттѳрүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгуусуна зарыл болгон практикалык сунуштарды жана жардамдарды кѳргѳзүшүп, кызыккан суроолоруна так жана компетенттүү жоопторду беришти. Катышуучулар бѳлүмдүн жетекчиси жана кызматкерлерине зор ыраазычылыктарын билгизишип, айыл аймактарынын ѳнүгүүсүнүн стратегиялык пландарын түзүүдѳ мындан ары дагы кызматташтыкты улантууну жана кеңештерди берип турууну суранышты. 


Жыйынтыгында Нарын облусунда жүргүзүлүп бүткɵн   административдик-аймактык реформанын алкагында 27 айыл аймактын социалдык-экономикалык ɵнүгүү программалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин “Шаарлардын жана айыл аймактардын социалдык-экономикалык ɵнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча усулдук колдонмонун” негизинде иштелип чыгууда. Мындан ары дагы иштелип чыккан ɵнүгүү программаларга бɵлүмдүн кызматкерлери тарабынан усулдук колдонмого ылайык мониторинг жүргүзүп турмакчы. 


Жакынкы күндɵрү Нарын аймактык бɵлүмдүн кызматкерлери тарабынан   Нарын облусунун райондук мамлекеттик администрациясынын жана Нарын шаардык мэриясынын тийиштүү адистери менен биргеликте облустун райондорунун, шаардын социалдык-экономикалык ɵнүгүү программалары иштелип чыгуу пландалууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу