Интеграция жана эки тараптуу кызматташтык иштери жөнүндө

Новости
22-Январь 2024-ж.
693

2024 жылдын 22 январындагы “Кабар” агенттигиндеги пресс-конференцияда КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдие, журналисттердин суроолоруна жооп берип, ЕАЭБди координациялоо тармагындагы иштерди белгиледи. Атап айтканда, ЕЭК Кеңешинин жыйынында:

- Канттын тартыштыгынын тобокелдигинин алдын алуу максатында 2023-жылдын 31-декабрына чейин чийки камыш кантын алымсыз ташып кирүү түрүндөгү тарифтик жеңилдикти берүү чечими кабыл алынган (Кыргыз Республикасына ташылып келинген чийки кант 50 миң тоннадан ашпаган көлөмдө импорттук бажы алымынан бошотулат).

- “Иран Ислам Республикасы менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө” маселе каралды.

- Алсак, Комиссиянын Кеңешмесинин чечими менен Кыргыз Республикасына карата Иран Ислам Республикасына арпа жеткирүү үчүн 20 миң тонна тарифтик квота бөлүнгөн;

- “Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик маанидеги имаратын куруу жана жабдуу үчүн Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын демилгеси жактырылды;

- Кыргыз Республикасынын “Луговая – Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү”долбоору боюнча (КР демилгеси) жактырылды;

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын 26-августунда №19 тескемеси кабыл алынып, анда төмөнкү эки долбоор киргизилген:

- “Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Макмал-Жалал-Абад” темир жол долбоору;

- “Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоо” авто жолунун долбоору.

Кыргыз Республикасынын өз ара соодада товарлардын эркин жылышын камсыздоого багытталган демилгелүү сунушу каралды, ал боюнча мындан аркы иштер улантылат. Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын курамында кант бар сууга маркировкалоо демилгесин колдошту.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Комиссиянын Кеңешинин таттуу сууну маркалоо жөнүндө чечими кабыл алынды.

Бул чечимге ылайык Евробиримдиктин мүчө - мамлекеттери алкоголсуз суусундуктарды жана ширелерди идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоонун датасын жана тартибин өз алдынча аныкташат.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу