Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда Өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жөнүндө

Новости
12-Январь 2024-ж.
1139

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Ак-Тилек районунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 9-июнунда Астана шаарында кол коюлган жана Кара-Суу автожол посттору, үстүбүздөгү жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун акиминин орун басары Мадибек Канатбек Кайшыбекович жетектеген делегациясы менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. 


Тиешелүү деңгээлдеги кыргыз делегациясын КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов жетектеди.


Жолугушуунун жүрүшүндө «Ак-Тилек» жана «Кара-Суу» автожол постторунун аймагында өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана анын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча негизги маселелер талкууланды.


Эки тарап тең бул долбоордун соода жана логистика тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле бизнести өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөкчү фактор катары маанилүүлүгүн баса белгилешти.


Тараптар жемиштүү кызматташууга жалпы даяр экендиктерин билдиришип, өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу