Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Экономика министрлеринин кезектеги жолугушуусу Астана шаарында болуп өттү

Новости
28-Сентябрь 2015-ж.
1924

2015-жылдын 29-сентябрында Казакстан Республикасынын Астана шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Экономика министрлеринин 5-жолугушуусу болуп өттү, анын ишине башында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев турган кыргыз делегациясы да катышты.

Дүйнөлүк экономикадагы туруксуз абал, күчөгөн глобалдашуу өлкөлөргө экономикалык кызматташуунун, ошондой эле региондук соода-экономикалык мүнөздөгү кыйла актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча жалпы күчтү концентрациялоонун багыттарын жана жаңы түрлөрүн издөөнүн актуалдуу муктаждыгын жаратууда.

Министрдин орун басары Д.Иманалиев белгилеп өткөндөй, биз дүйнөлүк экономикадагы каатчылыкка биздин өлкөлөрдүн макроэкономикалык стабилдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу менен иштиктүү климатты жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө, инвестицияларды тартууга карама-каршы тура алабыз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу