Жаңгакты Түркия Республикасына экспорттоонун мындан аркы келечеги талкууланды

Новости
27-Декабрь 2023-ж.
1699

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Түркия Республикасындагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков Жалал-Абад облусуна келип, жаңгак өндүрүүчүлөр (экспортчулар) менен жолугушту. Бул жыйынга Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары Жеңишбек Токтогулов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаңгак экспортунун мындан аркы келечеги талкууланды. Тактап айтканда, жаңгакты Түркия Республикасына экспорттоодо пайда болгон маселелер (баа, бажы төлөмдөрү, логистика ж.б.) каралды.

Ошентип, Түркия Республикасын жаңгак менен камсыз кылуу максатында Соода өкүлчүлүгү кийин Түркия Республикасынан жаңгак импорттоочу потенциалдуу компаниялар менен тиешелүү иштерди жүргүзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу