КР ЭКМнин Өзбекстан Республикасынын Инвестициялык өнөр жай жана соода министрлигинин жана Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү

Новости
25-Декабрь 2023-ж.
1505

2023-жылдын 22-декабрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү менен Өзбекстан Республикасынын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жолугушуусу Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы саясий консультациялардын кезектеги раундунун алкагында 21-декабрда Ташкентте өттү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн лидерлеринин деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды,  анын ичинде “Биргелешкен практикалык аракеттердин планы (жол Карта) Өзбекстан Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандык ишкерлер үчүн соода аянтчаларын алуу аркылуу Термез эл аралык соода борбору долбооруна кыргыз тараптын катышуусу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, тараптар Ташкентте “Кыргызстандын соода үйүн” жана Бишкекте “Өзбекстан соода үйүн” ачуу процессин тездетүү маселесин талкуулашты.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү экономика, инвестиция жана соода тармактарында диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле 2024-жылга карата биргелешкен пландарды белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу