«Евразия» соода борборунун ачылышы тууралуу

Новости
25-Декабрь 2023-ж.
1864

2023-жылдын 23-декабрында “ЕВРАЗИЯ” соода борборунун ачылышы болуп өттү, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, КРнын Президенттин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.


“ЕВРАЗИЯ” соода борбору төмөнкү багыттарда иш жүргүзөт:

– товар рыногунун (товар алмашуу) субъекттеринин ортосунда бартердик мамилелерди уюштуруу;

– товардын түз акчалай эмес алмашуусу, мында товар рыногунун субъекттери маанилүүлүгү жана наркы (баасы) боюнча эквиваленттүү бир же бир нече түрдөгү товарлардын белгилүү көлөмүн алмаштыруу;

– чекене/дүң адистештирилбеген соода жүргүзүү (онлайн, оффлайн);

– онлайн аянтчаны уюштуруу (соода системасы).


Жалпысынан алганда, “ЕВРАЗИЯ” борбору онлайн жана оффлайн платформаларын айкалыштырган чекене жана дүң сооданын кеңири спектрин сунуштап, онлайн соода же салттуу дүң алмашууда керектүү нерсени табууга уникалдуу мейкиндикти түзөт.


Маалымат иретинде: Соода борборунун жайгашкан дареги: Аламүдүн району, Лебединовка а., Жеңиш проспектиси 287.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу