Элдик курултай-2023: Экономикалык коммерция министрлигине административдик-аймактык реформа, туризмди өнүктүрүү жана кассалык аппараттар боюнча суроолор келип түштү

Новости
16-Декабрь 2023-ж.
1963

2023-жылдын 15-16-декабрында Экинчи Элдик Курултайдын ишинин алкагында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, тыныгууларга чейин делегаттар министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине (КР ЭКМ) тиешелүү суроолор менен кайрылышты.


КР ӨКМнин атынан делегаттарды министрдин биринчи орун басары Чоро Сейитов кабыл алды. Министрликке негизинен административдик-аймактык реформа, туризмди өнүктүрүү жана кассалык аппараттарды колдонуу боюнча суроолор келип түшкөн.


Маселен, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынан келген делегат эмне үчүн Арстанбапта тоо лыжасы базасын курса болбойт деген суроо менен кайрылды. Баткен облусунун Кара-Бак айылынан келген делегат “мен товарларды карызга сатам. Дүкөндө ккм бар, акчасы жоктор карызын айдын аягында төгүшөт. Карызга берилген акчага чек, талон бере   албайм. Майда дүкөндөрдө иштегендерге шарт түзүп берсеңер дейт.

Ал эми Кемин районунун Боролдой айылынын жашоочуларына мындай мазмундагы кайрылуу түштү. Боролдой айылында оорукана, СПТУ-10, чоң мектеп жайгашкан. Кезинде Боролдой айылы райондун борбору болгон. Бизге Кичи-Кеминдин административдик борбор болуп калганы түшүнүксүз деп айтып кайрылууда. Учурда министрликте ушул өңдүү кайрылуулар каралып, иликтенүүдөЖакынкы арада ушул сыяктуу кайрылууларга расмий жооп кайтарылмакчы.


Жалпысынан Курултайдын ишинин эки күнүндө министрликке көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн, алардын айрымдарына дароо жооп берилген, кат жүзүндөгү кайрылууларга да расмий жооптор берилет.


Эске сала кетсек, Элдик Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле чет өлкөдө жүргөн мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу