Өнөр жайды жана сооданы өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары чөйрөсүндө комплекстүү транспорттук инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду

Новости
14-Декабрь 2023-ж.
1219

2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында министрдин орун басары Санжар Болотовдун катышуусунда China Railway Eryuan Engineering Group Co., Ltd компаниясынын башкы директорунун орун басары менен Кытай Эл Республикасынын Чжан Сюэцай жана «Кэйжи Бизнес Инвестмент» ЖЧКсынын (КР) жетекчиси Б.Толбаев менен  жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар  өз ара пайдалуу долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги, “Keiji Business Investment” ЖЧКсы (КР) жана Кытай Эл Республикасынын China Railway Eryuan Engineering Group Co., Ltd (CREEC) ортосунда өнөр жайды жана сооданы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча комплекстүү транспорттук инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандум Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өз ара пайдалуу бекемдөөгө, өнөр жай, соода жана туризм тармагындагы комплекстүү транспорттук инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, “Бир алкак – бир жол” маанилүү глобалдык демилгесинин алкагында тең укуктуулук жана өз ара пайдалуу принциптерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Тараптар күн батареяларын чыгаруучу фабрикаларды, текстиль фабрикаларын, тамак-аш комбинаттарын, электр унааларын чыгаруучу ишканаларды, өнөр жай өндүрүш зонасын курууну караган ЖАНЫ ЖАШОО индустриалдык паркынын долбоорун, санитардык жабдууларды чыгаруу жана түстүү металлдарды кайра иштетүүнү ишке ашырууну карап жатышат.. Ошол эле учурда ар кандай багыттагы логистикалык борборлорду жана кампаларды уюштуруу пландаштырылууда.

Кол коюу аземине ошондой эле Эркин соода аймагын өнүктүрүү боюнча Кытай академиясынын өкүлдөрү жана Хуа Шен жашыл өнөр жай фондунун өндүрүштүк кубаттуулук чөйрөсүндө кызматташуу боюнча эл аралык изилдөө институтунун өкүлдөрү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу