Кытайдын Цзянсу провинциясы экологиялык таза кыргыз продукциясын илгерилетүүгө жана электрондук сооданы биргелешип өнүктүрүүгө кызыкдар

Новости
13-Декабрь 2023-ж.
981

2023-жылдын 13-декабрында Цзянсу провинциясынын Нанкин шаарында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Экономика жана коммерция министрлигинин Соода өкүлү менен Кытай Эл Республикасындагы Цзянсу провинциясынын Коммерция департаментинин директорунун орун басары  Сун Жиндин жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Торомаматов Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Соода өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди, анын максаты тышкы экономикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргызстандын чет мамлекеттерде тышкы экономикалык кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу болуп саналат. Ал Сиань шаарында “Кыргызстан” соода үйүнүн ачылышын белгиледи, бул электрондук сооданын өнүгүшүнө түрткү болот.

Ошондой эле ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары болуп, анда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпин мырза менен тарыхый маанилүү сүйлөшүүлөр болду. Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы сапаттуу сооданы өнүктүрүүдөбжаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Биргелешкен декларацияга, ошондой эле 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыктын орто жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасына жана жогорку деңгээлге көмөктөшүү боюнча биргелешкен аракеттер планына кол коюлду. 

Өз кезегинде Цзянсу провинциясынын соода департаментинин директорунун орун басары Сун Жин мырза чындап эле Кытай-Борбор Азия саммитинен кийин Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлине жеткендигин белгиледи.

Ал ошондой эле кытай тараптын облуста экологиялык жактан таза кыргыз продукциясын жайылтууга, электрондук сооданы өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Соңунда ал Цзянсу провинциясынын Соода департаменти Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Соода өкүлчүлүгүнө үзгүлтүксүз колдоо көрсөтөрүнө ишендирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу