Экспортчуларды колдоо: Кыргызстандарттын катышуусу менен “Экспорт кербени” 2023

Новости
12-Декабрь 2023-ж.
1250

2023-жылдын 11-декабрынан 22-декабрына чейинки мезгилде өлкөнүн экспортерлоруна ата мекендик товарларды тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү максатында республиканын бардык аймактарында  Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун  катышуусу менен «Экспорт кербени» маалымат компаниясы өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугуна продукцияны өндүрүү жана экспорттоо маселелерине байланыштуу инновациялар жана тенденциялар жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле ишкерлердин эл аралык жана бизнес-конференцияларга катышууга көмөк көрсөтүүгө чейин тышкы рынокко чыгуу муктаждыктарын аныктоо, региондук иш-чаралар (көргөзмөлөр, жарманкелер, соода миссиялары), продукцияны экспорттоо боюнча келишимдерди түзүү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу