Кыргыз Республикасынын Нарын ЭЭА менен Кытай Эл Республикасынын Кашкар интеграцияланган зонасы ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюлду

Новости
11-Декабрь 2023-ж.
920

2023-жылдын 9-декабрында Экономика жана коммерция министрлигинин аятында Кыргыз Республикасынын Нарын эркин экономикалык аймагы менен Кытай Эл Республикасынын Кашкар интеграцияланган бажы аймагынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча алкактык макулдашуу кол коюлду.

Жогорудагы келишимге кол койгон тараптар: Кашкар интеграцияланган зонанын башкаруу комитети, Нарын эркин экономикалык аймагы, Кашкар интеграцияланган зонанын инвестициялык жана өнүктүрүү компаниясы («Янтиан ЭЭА Кашгар компаниясы») жана «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коому болуп саналат. 

Кытай тараптан делегацияны партиялык жана профсоюздук комитеттин секретарынын орун басары, Кашкар экономикалык өнүгүү зонасын башкаруу боюнча комитеттин башчысы Гуан Юн башчылык кылды.

Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова жетектеди.

Бул келишим трансчегаралык электрондук коммерцияны колдоого жана Кашкар интеграцияланган бажы зонасына жана Нарын эркин экономикалык аймагына чет өлкөлүк кампаларды өз ара жайгаштырууга түрткү берүүгө багытталган.

Кызматташтыктын алкагында тараптар бири-бирине «Кашкар» комплексинин бажы зонасында жана Нарын эркин экономикалык аймагында кампаларды жана өндүрүштүк жайларды бекер пайдаланууга беришет.

Тараптар ошондой эле жалпы аянты 7500 чарчы метр болгон кампа аянтын жана резервдик жайларды бири-бирине 3 жылга пайдаланууга укук беришет.

Мындан тышкары, айыл чарба продукцияларын көргөзмөгө жана сатууга, ошондой эле продукциянын үлгүлөрүн көрсөтүүгө белгилүү өлчөмдөгү орун бекер берилет.

Ошону менен бирге, келишимге ылайык, Кыргыз почтасы «Яньтянь» ЭЭА «Кашгар» компаниясы менен биргеликте Кашгар интеграцияланган зонасы менен Нарын эркин экономикалык аймагынын ортосундагы өз ара кызматташуунун алкагында соода-логистикалык процесстер боюнча иш-чараларды жүргүзөт.

Тараптар жеңил өнөр жайды, инвестицияны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга каалоолорун айтышты, ошондой эле бул демилге эки өлкөнүн экономикасын жакындатуу үчүн жаңы өнүгүүлөрдү берээрин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу