Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү жөнүндө

Новости
11-Декабрь 2023-ж.
807

2023-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү Кёнги бизнес борборунун башкы директору Чой Чон Хо менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, соода, инвестиция, билим берүү жана туризм маселелери боюнча тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти.

Өз кезегинде Кёнги өкүлчүлүгү күндүн энергиясы менен иштеген жарык берүүчү приборлор, стоматологиялык медициналык жабдуулар, косметика ж.б. тармагында келечектүү кызматташууну сунуштады.

Тараптар белгилегендей, каралып жаткан маселелер эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун көп кырдуу өз ара аракеттенүүсү үчүн жаңы горизонтторду ачат. Бул жолугушуу Кыргызстан менен Түштүк Корея Республикасынын Кёнги провинциясынын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн негизги учуру болуп калды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу