Кытайдагы Sinomach корпорациясынын электромобилдерди чыгаруучу туунду компаниясы Кыргыз Республикасында чогултуучу линияны ачууга кызыкдар

Новости
08-Декабрь 2023-ж.
1101

2023-жылдын 8-декабрында Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Синомач Корпорациясынын туунду компаниясы болгон China Hi-tech New Energy Auto Company limited компаниясынын Башкармалыгынын төрагасы  Гуо Лонгсинг мырза менен жолугушту.

Компаниянын негизги бизнеси бул электр унааларын өндүрүү, изилдөө жана иштеп чыгуу, сатуу, ошондой эле электр унаа заводдорун жалпы пландаштыруу жана долбоорлоо, жабдуулар менен камсыз кылуу жана ал тургай, EPC долбоорлорун “ачкычка чейин” тапшыруу болуп саналат.

Компаниянын башкы кеңсеси Пекинде жайгашкан.

"China Hi-tech New Energy Auto Company Limited" компаниясынын ишмердүүлүгү жеңил автомобилдерди, автобустарды, жүк ташуучу унааларды, фургондорду, пикаптарды, атайын багыттагы унааларды, курулуш техникаларын, кыймылдаткычтарды жана жылдык өндүрүш кубаттуулугу жүз миңдеген продукцияларды камтыйт.

Жолугушууда министр быйыл Кыргызстандан 6861 даана машиналар экспорттолгондугун Кытай тарапка маалымдады. Бул кытай тарап үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында монтаждык өндүрүштүк жана дилердик тармактарды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн жакшы негиз болуп саналат.

Мындан тышкары министр Кыргызстанда атайын салык саясаты бар экенин, анын аркасында компания 5 жылдык мөөнөткө салык төлөөдөн бошотуларын белгиледи. Ошондой эле электромобилдердин тетиктерин салыксыз ташып келүү мүмкүнчүлүгү да бар.

Өз кезегинде Кытай тарап Кыргыз Республикасынын аймагында чогултуучу линия  ачууга жана кызматташуунун деталдарын талкуулоого кызыкдар экенин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу