Министр Д.Амангелдиев Жибек жолу фондунун президенти менен жолугушууда кызматташуу багыттарын талкуулады

Новости
08-Декабрь 2023-ж.
1134

2023-жылдын 8-декабрында Кытайдын Пекин шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жибек Жолу Фондунун Президенти Цай Сюэцзюнь мырза менен жолугушуу өткөрдү

Министр өз сөзүндө Жибек Жолу Фонду “Бир алкак- бир жол” демилгесин сапаттуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында иштелип чыккан өнүктүрүү жана инвестициялык фонд экенин белгиледи. “Экономикалык коридордун” көп кылымдык тарыхын эске алуу менен Кыргызстан бул демилгени биргелешип ишке ашырууга кызыкдар.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө РСК Банк менен Кытай Банкынын ортосунда келишим түзүлгөнүн, ага ылайык РСК кытай юаны менен акча операцияларын жүргүзүү жана кытай банктарында корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун билдирди.

Жолугушууда фонддун президенти Кыргызстан «Бир алкак-бир жол» демилгесинин кызматташуусунун алкагында маанилүү өлкө экенин белгиледи. Фонд Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Ал ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин Фонддун жана КР Экономика жана коммерция министрлигинин эксперттеринин деңгээлинде бир нече онлайн жолугушуулар өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, ушул жылдын июль айында  Бишкекте Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, «Айыл Банк» ААКсынын, «РСК Банк» ААКтын жана РКӨФнын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болуп, анда алардын ишмердүүлүгү боюнча презентациялар жана Жибек Жолу фонду менен инвестициялык долбоорлорду каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кызматташуунун багыттары боюнча сунуштар айтылды. 

Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоорлорду каржылоодо өз ара пайдалуу кызматташууга көмөктөшүү менен Кыргыз-Кытай өнүктүрүү фондун түзүүнүн ишке ашкан вариантын активдүү талкуулашууда.

Мындан тышкары, Цай Сюэцзюнь мырза Кытайдын Өнүктүрүү банкына жана Эксим банкына кредит берүү мүмкүнчүлүгүн колдонууну сунуштады, анткени Бир алкак, бир жол 3-форумунун жүрүшүндө төрага Си Цзиньпин бул банктар БАБЖ жолунда жайгашкан өлкөлөр үчүн жалпы суммасы 350 миллион юанды түзгөн долбоорлорду каржылай турганын жарыялады. 

Фонддун президенти ошондой эле кызматташуунун алкагында фонд Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрү менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандумга кол койгонун билдирди. Ал Кыргыз Республикасында кызматташуунун бул моделин колдонууну сунуштады. Кытай тарап бул меморандумдун долбоорун ар тараптуу кароо жана изилдөө үчүн жөнөтүү сунушун айтты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу