Экономика жана коммерция министрлигине министрдин жаңы орун басары Санжар Болотов тааныштырылды

Новости
07-Декабрь 2023-ж.
1800

Бүгүн, 2023-жылдын 7-декабрында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин жаңы орун басары Санжар Болотов тааныштырылды.

2023-жылдын 5-декабрындагы тиешелүү №637буйругуна  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев белгилегендей, жамааттын көптөгөн мүчөлөрү С.Болотовду анын тарыхынан билишет.  Ал бир топ тажрыйбага жана ыйгарым укуктарга ээ, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин системасында Инвестиция жана МЖӨ башкармалыгынын инвестициялык саясат жана МЖӨ бөлүмүндө башкы адис, экономика бөлүмүндө эксперти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун эксперти, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы МЖӨ борборунун директору болуп иштеген.

Учурдан пайдаланып министрдин жаңы орун басары С.Болотов көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча министрликке жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчиликтүү жана натыйжалуу аткарууга бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.

С.Болотовдун резюмеси

Болотов Санжарбек Бактыбекович, 1991-жылы 13-ноябрда туулган, билими жогорку.

2013-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинин «Административдик-финансылык укук» адистиги боюнча аяктаган. Англис жана түрк тилдеринде сүйлөйт.

Эмгек жолун 2014-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин системасында Инвестициялар жана МЖӨ башкармалыгынын инвестициялык саясат жана МЖӨ бөлүмүнүн башкы адиси м.а. 

2015-жылдын сентябрь айында ачык сынактын жыйынтыгында инвестиция жана МЖӨ бөлүмүнүн инвестициялык саясат жана МЖӨ бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызматына дайындалган.

2018-жылдын 25-майынан 2020-жылдын 17-февралына чейин С.Б. Болотов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүндө эксперт кызматын ээлеген.

2020-жылдын 17-февралында Болотов С.Б. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн стратегиялык өнүктүрүү саясаты секторунун эксперти болуп дайындалган.

2021-жылдын 18-майы, структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу, С.Б. Болотов Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландаштыруу бөлүмүнүн эксперти болуп дайындалган. 

2921-жылдын 18 августунда Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк ,борборунун  директору болуп дайындалган.

«Мамлекеттик кызматтын III класстагы инспектору» чинине ээ.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу