Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Соода өкүлү Стамбулда өткөн COMCECтин 39-министрлер сессиясына катышты

Новости
05-Декабрь 2023-ж.
1020

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков 2023-жылдын 2-5-декабрында Стамбул шаарында өткөн COMCECтин 39-министрлер сессиясына катышты.

COMCEC - Ислам Кызматташтык Уюмунун Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Туруктуу комитети, ага Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырза төрагалык кылат.

СОМСЕСтин алкагында кызматташуунун күн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бири ИКУга мүчө-өлкөлөрдүн преференциялуу соода системасы (TPS-ИКУ) жөнүндө макулдашууга кошулуу маселеси болуп саналат.

Министрликтин сессиясы “ИКУга мүчө өлкөлөрдүн электрондук соода потенциалын жакшыртуу” деген темада өттү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу