Нарын жана Ысык-Көл картошкасынын биринчи партиясы Ташкенттеги керектөөчүлөргө ийгиликтүү жетти

Новости
04-Декабрь 2023-ж.
829

Биринчи тапшыруунун жалпы көлөмү 1000 тонна тандалган картошканы түзөт. Бардык партия мурда лабораториялык экспертизадан өтүп, толук көлөмдө сатылып кетти.

Бул Өзбекстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Соода өкүлчүлүгүнүн аракетинин аркасында ишке ашты.

Бул жеткирүү Өзбекстан Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты гана көрсөтпөстөн, соода-экономика тармагындагы келечектеги өнөктөштүккө жол ачат.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков Өзбекстандын ири импорттоочулары менен жогорку сапаттагы Нарын жана Ысык-Көл картошкасын Ташкентке жеткирүү боюнча келишим түзгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу