КР ЭКМ сыноо лабораторияларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, сүт продукциясын ХАССП принциптери боюнча инспекциялоого кошкон салымдары белгиленди

Новости
30-Ноябрь 2023-ж.
857

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөрдү «Кызматташтык үчүн» медалы менен сыйлады:

Кавамото Хироюки - Япониянын Чет өлкөлөрдөгү Кызматташтык Волонтерлорунун Катчылыгынын (JOCV), Эл аралык кызматташтык боюнча Япония агенттигинин (JICA) адамдык капиталды өнүктүрүү бөлүмүнүн директору (JICAнын Кыргыз Республикасындагы жана Казакстан Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы өкүлү),

Уэно Казуми – 2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда кол коюлган сүт жана сүт азыктарынын сапатын жакшыртуу боюнча тамак-аш лабораторияларында адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча долбоордун менеджери. 

Төмөнкүлөргө эстелик белектер берилди:

Тонай Фумио – 2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда кол коюлган Сүт жана сүт азыктарынын сапатын жогорулатуу боюнча тамак-аш лабораториялары үчүн адам ресурстарын өнүктүрүү долбоорунун координатору. 

Нагата Масахиро – Сыноо лабораториясынын эксперти

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу