JICA менен техникалык кызматташтыктын алкагында ХАССП боюнча жумушчу топтордун жана долбоорду ишке ашыруу үчүн лабораториялардын презентациялары каралды

Новости
29-Ноябрь 2023-ж.
968

2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Айнура Үсөнбекованын катышуусунда 2018-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосунда кол коюлган сүт жана сүт азыктарынын сапатын жогорулатуу боюнча тамак-аш лабораторияларынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү долбоорунун Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги ( «JICA») менен техникалык кызматташуунун алкагында биргелешкен координациялык комитеттин 7-жыйыны болуп өттү. 

Долбоор өз ишин 2019-жылы баштаган жана анын максаты  ЕАЭБдин техникалык регламенттерине ылайык жүгүртүүгө чыгарылган сүт жана сүт азыктарынын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү тутумун бардык кошумча нарк чынжырында өркүндөтүү болуп саналат.

Жыйында ХАССП жана долбоорду ишке ашыруу боюнча лабораториялар боюнча жумушчу топтордун презентациялары  долбоорунун жетекчиси Уэно Казуми мырзанын долбоордун бүтүшү жана жетишилген натыйжалар тууралуу отчету каралды.

Долбоорду ишке ашыруунун 4 жыл ичинде КР ЭКМнин Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, КР  Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын адистери   япониялык адистер менен окуудан өтүп, тажрыйба алмашты, жаңы сыноо ыкмаларын өздөштүрүп, ХАССП бир катар текшерүү документтерин иштеп чыкты.

Техникалык адистердин компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу боюнча Долбоорду өнүктүрүү матрицасынын индикаторлоруна жетишилди, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө өркүндөтүлгөн аналитикалык ыкмалардын саны көбөйтүлдү, ХАССП инспекциясынын текшерүү баракчаларыАлиментариус кодексинин  жаңы талаптардын негизинде жакшыртылды. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу