Кыргыз Республикасы Баку шаарында өткөн СПЕКА БAнын 25 жылдыгына жана СПЕКАга катышкан өлкөлөрдүн улуттук экономикаларына арналган көргөзмөгө ийгиликтүү катышты

Новости
28-Ноябрь 2023-ж.
1133

Кыргыз Республикасы Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын (СПЕКА) жана СПЕКАга катышкан өлкөлөрдүн улуттук экономикаларынын 25 жылдыгына арналган көргөзмөгө ийгиликтүү катышты.

Кыргыз Республикасынын бул көргөзмөгө катышуусунун максаты – биринчи кезекте капиталды тартуу, экспортко багытталган продукциянын потенциалын көрсөтүү, жаңы өнөктөштөрдү жана экспорттук рынокторду издөө.

Белгилей кетсек, өлкөнүн павильону улуттук стилде жасалгаланып, маданият жана каада-салт байлыктарын чагылдырып, анда инвестициялык долбоорлор, ата мекендик этно-улуттук продукциялар жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоого салым кошкон жетишкендиктер көрсөтүлөт. . Кыргыз Республикасы энергетика, айыл чарба, маалымат технологиялары жана туризм сыяктуу түрдүү тармактардагы ийгиликтерине басым жасайт.

Уюштуруучулар: Экономика жана коммерция министрлиги, Президентке караштуу Улуттук инвестициялык агенттик, Айыл чарба министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы.

Көргөзмө аянтында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, ошондой эле Азербайжан Республикасынын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар B2B жолугушуулары өткөрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу