Кыргызстанга электромобилдерди импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер 2024-2025-жылдарга узартылды

Новости
27-Ноябрь 2023-ж.
2545

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 24-ноябрындагы жыйынында Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө чектелген санда ташылып келинген электромобилдер үчүн бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдикти 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты.

Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу Армения Республикасында, Беларусь Республикасында, Казакстан Республикасында жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Ошол эле учурда Россия Федерациясында жарандыгы жана (же) туруктуу жашаган жери бар адамдарга электр транспортуна ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун берүүгө жол берилбейт.

Тарифтик жеңилдиктер ЕАЭБдин 8703 80 000 2 ТН ЕАЭБ коду боюнча классификацияланган электр кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттары үчүн Кыргыз Республикасы үчүн 2024-жылы 10 миң,  2025-жылы да - 10 миң .даана өлчөмүндө каралган. 

Электр транспортторуна суроо-талапты стимулдаштырууга, аларды өндүрүүгө жана заряддоо станцияларынын тармагын өнүктүрүүгө багытталган башка чаралар менен айкалышта тарифтик жеңилдиктерди колдонуунун мөөнөтүн узартуу мындай автотранспорт каражаттарын кеңири жайылтууга, ири шаарлардагы экологиялык абалды жакшыртууга, инновациялык технологияларды өнүктүрүү зыяндуу газдарды жана зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу