TRAVELEXPO Анкара көргөзмөсүндө Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы көрсөтүлдү

Новости
24-Ноябрь 2023-ж.
1055

2023-жылдын 16-ноябрынан 19-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте «TRAVELEXPO Ankara» туризм боюнча көргөзмөсүнө катышты.

Бул көргөзмөнүн негизги максаты туризм тармагында жаңы перспективаларды ачууга умтулган туризм тармагындагы адистерди бириктирүү болуп саналат. Көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы жөнүндө маалымат таратылды, туризм жөнүндө жарнамалык материалдар сунушталды, Кыргызстандагы туризмдин ар кандай түрлөрү боюнча видеороликтер көрсөтүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу