Кыргызстан Ташкентте тамак-аш өнөр жайынын продукциясын тартуулады

Новости
23-Ноябрь 2023-ж.
1097

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) менен өнөктөштүктүн негизинде Кыргызстандын бизнес коомчулугуна Ташкент шаарындагы UZPROD EXPO 2023 көргөзмөсүнө катышууга мүмкүнчүлүк болду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда В2В жолугушуулар өткөрүлдү. Бул иш-чара Өзбекстан менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы соода жана ишкер байланыштарды бекемдөөдөгү негизги кадам болуп калды.

Көргөзмө өз өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн потенциалдуу өнөктөштөрү менен байланыш түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берди. Эл аралык соода жаатында жаңы билимдерге жана тажрыйбаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу менен катышуучулардын өнүгүүсүнө активдүү көмөк көрсөттү, бул алардын мындан аркы өсүшүнө жана бизнести кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара бизнес-коомчулуктун, өкмөттүк түзүмдөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн көңүлүн бурду, бул жемиштүү диалогду жана тажрыйба алмашууну камсыз кылды.

Соода өкүлчүлүгү менен USAID ортосундагы өнөктөштүк туруктуу экономикалык өсүшкө жана бизнес-коомчулуктун гүлдөшүнө өбөлгө түзүү менен Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн жаңы келечек ачылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу