Кыргыз Республикасы Бакудагы SPECAнын 25 жылдыгына арналган көргөзмөдө экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү активдүү илгерилетүүдө

Новости
22-Ноябрь 2023-ж.
921

2023-жылдын 22-ноябрынан 25-ноябрына чейин Азербайжан Республикасынын Баку шаарында Кыргыз Республикасы БУУнун Борбордук Азиянын экономикасы үчүн атайын программасынын (СПЕКА) жана СПЕКА улуттук экономикасынын мүчө өлкөлөрүнүн 25 жылдыгына арналган көргөзмөгө активдүү катышат. 


Ушул жылдын 22-ноябрында Көргөзмөнүн расмий ачылышына Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев катышып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, аймактын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого алды.


Көргөзмө стенддеринде жана аянтчаларында Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоого салым кошкон инвестициялык долбоорлор, ата мекендик этно-улуттук продукциялар жана жетишкендиктер коюлган. Кыргыз Республикасы энергетика, айыл чарба, маалымат технологиялары жана туризм сыяктуу түрдүү тармактардагы ийгиликтерине басым жасайт.


Кыргыз Республикасынын көргөзмөгө катышуусу жаңы ишкердик байланыштарды орнотууга жана соода өнөктөштүгү географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт, ошондой эле өлкөнүн эл аралык кызматташтыкты тереңдетүүгө, тажрыйба алмашууга жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусун баса белгилейт.


Маалымат иретинде:

Көргөзмө СПЕКАнын катышуучу-өлкөлөрү: Кыргыз Республикасы, Азербайжан Республикасы, Казакстан Республикасы, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Республикасын көрсөткөн павильондордон турат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу