Министрдин биринчи орун басары Ч. Сейитов жүзүмчүлүк жана шарап жасоо секторун колдоо маселеси боюнча көчмө кеңешмеге катышты

Новости
21-Ноябрь 2023-ж.
842

2023-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында өткөрүлгөн жүзүмчүлүк жана шарап жасоо секторун колдоо маселеси боюнча көчмө кеңешмеге катышты. 


Бул көчмө кеңещме Чүй облусунун   Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында “Аталык групп” ЖАК аянтчасында жүзүмчүлүк жана шарап жасоо секторун колдоо маселеси боюнча өткөрүлдү.


Кеңешме министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын, КР Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрүнүн, Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын, “Аталык групп” ЖАК, “Кыргыз коньягы” ЖЧК, “Кыргызшампаны” ЖЧК жетекчилеринин катышуусу менен болду.


Өткөрүлгөн кеңешмеде Кыргыз Республикасында жүзүмчүлүк жана шарап жасоонун абалы жана келечеги, жүзүмчүлүк жана шарап жасоону өнүктүрүү үчүн зарыл болгон кадамдар каралып талкууланды.


Жүзүмчүлүк жана шарап жасоо экспортту өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле ички рыноктун ушул сектордун продукциясына болгон муктаждыгын камсыз кылууга жакшы салым кошо ала турган багыттардын бири катары каралат. Жүзүмчүлүктү жана шарап жасоону өнүктүрүү үчүн жагымдуу жаратылыш-климаттык шарттар, өндүрүштүк жана инфраструктуралык кубаттуулуктардын потенциалы бар.


Бул багыт боюнча долбоорлордун өзүн-өзү актоо мөөнөтү узак болгондугуна байланыштуу (жүзүмдү шарапка айландыруунун толук өндүрүштүк цикли – жүзүм отургузуудан шарап продукциясын өндүрүүгө чейин 5–7 жылды түзөт), мындай долбоорлор бизнес үчүн инвестициялык жагымдуулугу төмөн, ошондуктан аларды ишке ашырууда мамлекеттин активдүү катышуусу зарыл.


“Аталык групп” ЖАКтын жетекчиси Туратбек Укубаев тарабынан жүзүмчүлүктү жана шарап жасоону өнүктүрүүнүн күчтүү жана алсыз жактары, мүмкүнчүлүктөрү жана тобокелдиктери, Кыргыз Республикасында жүзүмчүлүктү өнүктүрүүнүн экономикалык натыйжалуулугуна баа берүү сунуш кылынды. Ошондой эле, мамлекеттик сектор тарабынан, анын ичинде салык мыйзамдары чөйрөсүндө, бул багытты өнүктүрүүнү колдоонун конкреттүү чаралары сунушталды. Адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында “Аталык Групп” ЖАКтын жетекчиси ишкананын базасында региондордон келген адистерди жүзүмчүлүк технологияларына окутууну уюштурууга даярдыгын билдирди. Кеңешменин катышуучулары бизнес тарабынан импорт менен атаандаштыкта ата мекендик вино өндүрүшүн коргоо механизмдеринин жоктугуна байланыштуу көйгөйлүү маселелер айтылды.


Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э. Төрөбаев тарабынан тиешелүү  мамлекеттик органдарга жүзүмчүлүктү өнүктүрүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен биргеликте жумушчу топ түзүү жана жүзүмчүлүктү жана шарап жасоону өнүктүрүүнү колдоону караган тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу