Кайра жаралуучу энергия булактары боюнча кызматташуу Жашыл Жибек Жолу демилгесин илгерилетүүдөгү маанилүү звено болуп калышы мүмкүн

Новости
16-Ноябрь 2023-ж.
979

Бул тууралуу 2023-жылдын 16-ноябрында Кытай Эл Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Соода өкүлчүлүгүнүн эксперти Бекетай Мухтар Кытай Эл Республикасындагы өлкөлөр ортосундагы Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан "Бир алкак жана жо соода-экономикалык кызматташтык боюнча тегерек столдо билдирди.

Эксперт белгилегендей, бүгүнкү күндөгү реалдуулук аймактагы автомобиль жана темир жол ташуулары үчүн жаңы эл аралык каттамдарды ачуу боюнча биргелешкен инфраструктуралык программаларды натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын талап кылууда.

Ушуга байланыштуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болуп, аймактык байланыш потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам болушу керек жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн бир кыйла көбөйүшүнө бул иш-чара өз салымын кошот.

Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүүдө жогорку потенциалга ээ жана кытайлык компанияларды ГЭСтерди жана күн электр станцияларын курууга алардын катышуусун карап чыгууга чакырды. Ошентип, энергиянын кайра жаралуучу булактары багытында кызматташуу «Жашыл Жибек Жолу» демилгесин илгерилетүүдөгү маанилүү звено болуп калышы мүмкүн» - деп белгиледи Б.Мухтар.

Ал ошондой эле кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргызстанда бизнес жана чет элдик инвестициялар үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу маалымат берди, атап айтканда, Кыргыз Республикасы экологиялык таза айыл чарба продукциясын (бодо малдын жана майда малдын эти, сүт азыктары, сырлар, жашылчалар, жемиштер, жаңгактар, бал, буурчак) жана Кытай рыногуна жогорку сапаттагы азык-түлүктөрдү жеткирүүгө даяр. Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын негизги артыкчылыктарынын бири – экологиялык жактан тазалыгы жана табигыйлуулугу.

Белгилей кетсек, тегерек столдун уюштуруучулары Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги (КМ), Шэньси провинциясынын элдик өкмөтү, КЭР КМнин тышкы сооданы өнүктүрүү бюросу, ошондой эле Шэньси провинциясынын КМги.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу