Техникалык регламенттер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери Ош, Баткен шаарларында өткөрүлүп жатат

Новости
15-Ноябрь 2023-ж.
953

Республиканын экспорттук потенциалын жана атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 2023 жылдын 14-15 ноябрында КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын региондорунда Ош, Баткен, Жалал-Абад, колдонуудагы техникалык регламенттердин талаптарын түшүндүрүү боюнча семинарларды өткөрүлуп жатат.

Ата мекендик продукциянын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рынокторуна жана жалпысынан дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун маанилүү шарттарынын бири техникалык регламенттердин талаптарын сактоо болуп саналат.

2023-жылдын 14-15 ноябрында семинар Ош, Баткен шаарларында өткөрүлүп жатат.

Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, КР ЭК министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери тарабынан тамак-аш коопсуздугу жаатындагы колдонуудагы техникалык регламенттердин негизги жоболору, стандарттар жана продукцияны рынокко чыгаруунун шарттары жөнүндө маалымат берилет.

Буга чейин Талас, Нарын жана Каракол шаарларында ишкерлер менен жолугушуулар өткөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу