Мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү ЖСТТ методикасынын талаптары менен таанышып чыгышты

Новости
22-Октябрь 2015-ж.
1971

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрынан 21-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасында «Ишкердик ишин жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актыларды жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүү» темасында семинар өткөрүлдү.

Семинар ишкердик ишин козгоочу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун аналитикалык катына жөнгө салуучу таасирин талдоону (ЖСТТ) даярдоо процессине тартылган мамлекеттик органдар жана ведомстволордун кызматкерлери, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү үчүн өткөрүлдү.

Семинардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев катышуучуларга сертификаттарды тапшырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу