Нарында Кыргыз Республикасындагы халал эт паркынын долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин түшүндүрүү боюнча көчмө жыйын өттү

Новости
13-Ноябрь 2023-ж.
827

Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Алмаз Кайырбеков «Эт халал» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси менен тааныштырды. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Сапаров, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Т.Бактыгулов, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын, ишканалардын  жана Кыргыз Республикасынын эт жана эт азыктарын кайра иштетүү менен алектенген уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Тактап айтканда, директор А.Кайырбеков долбоордун максатына токтолуп, Кыргыз Республикасынын аймагында халал стандартына ылайык адал эт кайра иштетүү паркын түзүүгө инвестицияларды тартуу болуп саналаарын айтты. Халал паркы – эт жана эт азыктарын, ошондой эле сүт азыктарын (сүт, сыр, быштак) өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө тартылган негизги жана жүгүртүү каражаттары жайгашкан өнөр жай аймагы.

А.Кайырбеков белгилегендей, адал продукциянын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ири мүйүздүү жана майда мүйүздүү малдарды бордоочу жайларды, малды союунун алдында ветеринардык текшерүүдөн өткөрүү үчүн карантиндик блокторду, эт-сүт азыктарын сактоочу тоңдургучтарды, ошондой эле жүндү, сөөк жана канды, терини кайра иштетүүчү өндүрүштүк цехтерди  салуу зарыл. Халал паркы өндүрүш процессин эң аз чыгым менен жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул дагы калдыксыз технологияларды колдонууга шарттарды түзөт, наркты түзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатат, эт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга жана ички рынокто да, ошондой эле эл аралык соодада да берүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо аркылуу мал чарба тармагында эт азыктарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Маалымат иретинде:

Техникалык-экономикалык негиздемени бир кыргызстандык жана эки малайзиялык компаниядан турган Консорциум иштеп чыккан. Бул отчетту түзүү үчүн эксперттер тобу көптөгөн кызыкдар тараптар менен консультацияларды, фермерлер менен фокус-топтук талкууларды, негизги информаторлор менен маектешүүлөрдү, рынок жана техникалык изилдөөлөрдү, семинарларды, жолугушууларды, таанышуу турларын жана телеконференцияларды өткөрдү. Өлкөнүн фермердик чарбалары, жеке касапканалардын өкүлдөрү, эт азыктарын өндүрүүчүлөр, мамлекеттик кызматкерлер, логистикалык операторлор, ассоциациялар жана илимий борборлор менен жолугушуу болуп өттү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу