Кызматташтык жөнүндө меморандумга жана кыргыз тоо балын Ташкентке жеткирүү боюнча алдын ала келишимге кол коюлду

Новости
11-Ноябрь 2023-ж.
974

2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлү Алмаз Темирбеков менен Өзбекстан Республикасынын балчылык тармагынын өкүлү Шухрат Ганиев менен жолугушуусунда Кызматташуу меморандумуна жана Ташкентке кыргыз тоо балын жеткирүү боюнча алдын ала келишимге кол коюлду.

Бул кадам Кыргызстан менен Өзбекстандын балчылык жана бал өндүрүү тармагындагы соода алакаларын өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачат. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташуу меморандумуна кол коюлуп, алдын ала келишимде Өзбекстандын борборуна кыргыз тоо балын жеткирүү каралган.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты гана эмес, маданий алмашууну да чагылдырган бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашарына ишеним артышты.

Соода өкүлчүлүгү кыргыз балын жеткирүүчүлөр (экспорттоочулар) менен активдүү сүйлөшүүлөрдү улантууда, бул соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүдө, ишмердүүлүктү андан ары кеңейтүүдө жана Кыргызстан менен  Өзбекстандын бизнес-коомчулугу менен өз ара пайдалуу алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу