Нурбек Максутов БУУнун сооданы жеңилдетүү жана электрондук бизнес борборунун бюро төрагасынын орун басары болуп шайланды

Новости
11-Ноябрь 2023-ж.
1024

2023-жылдын 9-ноябрында БУУнун/CEFACTтин 29-пленардык сессиясында Бюронун Төрагасынын орун басары кызматына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Бириккен Улуттар Уюмунун сооданы жеңилдетүү жана электрондук бизнес боюнча борборунун (UN/CEFACT) Дүйнөлүк соода уюмунун маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Нурбек Максутовдун талапкерлиги сунушталды. 

Н.Максутовдун талапкерлигин көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Женевадагы Туруктуу өкүлү Омар Султанов сөз сүйлөп, Н.Максүтовдун көп жылдык иш тажрыйбасын жана эл аралык соода системасындагы терең билимин, тактап айтканда, Уюмдун бюросунун ишинде соода жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери натыйжалуу колдоноорун белгиледи. Талапкер, өлкөнүн өкүлүнүн айтымында, Кыргызстандын деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бири катары көз карашы аркылуу соода жол-жоболорун жана чек ара процесстерин жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү, бажы органдарынын процедуралык аспектилерин жана башкаруу системасынын маалымат агымын жакшыртуу жагынан алардын муктаждыктарын терең түшүнөт. 

«Кыргызстандын өкүлүнүн вице-төрага болуп шайланышы БУУ/CEFACT бюросунун ишине чоң салым кошот», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Элчиси өз сөзүндө.

Ошентип, UN/CEFACT пленардык жыйынынын чечими менен бул кызматка Н.Максутов Австралия, Азербайжан, Канада, Франция жана Италиянын өкүлдөрү менен бирге шайланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы UN/CEFACT бюросуна Борбордук Азия чөлкөмүндөгү биринчи өлкө болуп кирген.

UN/CEFACT – БУУ ЕЭКтин көмөкчү, өкмөттөр аралык органы, ал сооданы жеңилдетүү боюнча рекомендацияларды жана бизнести жана мамлекеттик бизнес-процесстерди камтыган электрондук бизнес стандарттарын иштеп чыгуу үчүн борбор катары кызмат кылат, алар эл аралык сооданын жана ага тиешелүү кызматтардын өсүшүнө көмөктөшөт.

Эске сала кетсек, Н.Максутов 2023-жылдын июнь айынан бери Соода потенциалы жана БУУ ЕЭК стандарттары боюнча жетектөөчү комитеттин төрагасынын орун басары болуп келген. Бириккен Улуттар Уюмунун экономикалык канатынын экинчи бюросуна Кыргыз Республикасынан өкүлдүн бул жолку шайлоосу Кыргыз Республикасы үчүн соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана аларды электрондоштуруу боюнча жаңы долбоорлорду илгерилетүүгө көмөктөшөт жана БУУнун экономикалык платформасында өлкөнүн имиджин түзүүгө оң таасирин тийгизет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу