Бишкекте ЭКСПО Аялдардын ишкердиги-2023 көргөзмөсү өтүп жатат

Новости
10-Ноябрь 2023-ж.
879

2023-жылдын 6-ноябрында Кыргызстанда ишкер аялдарды жана гендердик теңчиликти илгерилетүү максатында Бишкекте ЭКСПО Аялдардын ишкердиги 2023 старт алды.

Бул маанилүү окуя Кыргызстандагы аялдардын ишкердик рухун илгерилетүү максатын көздөгөн динамикалуу жана шыктандыруучу иш-чара болуп саналат.

«ЭКСПО Аялдардын ишкердиги 2023”  Кыргыз Республикасындагы БУУнун Аялдар уюму тарабынан үчүнчү жылы уюштурулган ишкердик духтун, укуктарды жана  мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы жаркын окуя болуп калмакчы. Бул демилгенин өзөгүн аялдардын бири-бирин шыктандырууга жана ишкердик экосистемада да, жалпысынан коомдо да позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келүү ниети турат. ЭКСПО - 2023 биримдиктин күчүн далилдейт. Бул инклюзивдүүлүк, көп түрдүүлүк жана ТӨМдүн (Туруктуу Өнүктүрүү Максаттары) “Артыңда эч кимди калтырба”өзгөрүлбөс принциби боюнча шыктанган ишкер аялдардын, инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн күч-аракетин билдирет, - деди БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран айым.

Иш-чарага 100дөн ашык ишкер айым катышып, алар өз продукцияларын көрсөтүп, республиканын калкына сата алышат.

EXPO Аялдардын ишкердиги 2023 иш-чараларынын алкагында төмөнкүлөр пландаштырылууда:

- 6-10-ноябрь аралыгында Asia Mall соода борборунда ишкерлердин продукцияларынын көргөзмөсү

EXPO Аялдардын ишкердиги 2023;

- 13-14-ноябрь күндөрү Ололо Планетасында, ишкер айымдардын шыктандыруучу ийгилик тарыхы жана бизнес нетворкинг;

- бизнес долбоорлордун презентациялары.

Көргөзмө БУУнун Аялдар уюмунун жетекчилиги астында КР Экономика жана коммерция министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта,  

Борбордук Азиядагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Тез гүлдөп өнүгүү, Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте инклюзивдүүлүк, көп түрдүүлүк жана “Артыңда эч кимди калтырба" принцибинин негизги баалуулуктарын жактаган ишкер аялдарды, инвесторлорду жана өнөктөштөрдү бириктирүү үчүн өткөрүлүүдө.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу