Министр О.Панкратов «Мадина» базарынын ишкерлери менен жолугушту

Новости
22-Октябрь 2015-ж.
1990

2015-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Олег Панкратов «Мадина» базарынын ишкерлери менен жолугушту. Жолугушууга бажы, салык органдарынын жана Бишкек шаарынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары тигүү тармагындагы экспорт боюнча болгон потенциал төмөндөп баштаганын жана экспорттун көлөмүнүн түшүп кетишин белгилеп өтүштү. Пайдалануу өлкөлөрүндө (Россия Федерациясы жана Казакстан) каатчылык жана инфляциядан улам керектөөчүлөрдүн сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү төмөндөөчү тенденцияга ээ. Мындай жагдайда өлкө ата мекендик продукциясын илгерилетүү чөйрөсүндө жетишкен анча чоң эмес ордун жок кылып албоо үчүн тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоого карата чараларды көрүү зарыл. Буга байланыштуу, акыркы продукциянын (тигүү продукциясынын чийки затты сатып алуудан тарта аны акыркы керектөөчүгө пайдаланууга берүүгө чейинки илгерилөөнүн бардык этаптарын чынжырча боюнча сактоо менен) өздүк наркын комплексттүү арзандатуу зарылдыгы пайда болууда.

Жолугушууда талкууланган маселелерге байланыштуу, макулдашкан жана аргументтелген чечимдерди иштеп чыгуу максатында Экономика министрлигинин эксперттерин, «Мадина» базарынын башкармалыгын, «Легпром» Ассоциациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратын тартуу менен «Мадина» базарында ыктыярдуу патенттин ставкаларын өздөштүрүү боюнча жумушчу топ түзүлсүн деп чечилди,

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабаев белгилеп өткөндөй, парковка маселесин жакынкы убакта карап чыгуу болжолдонууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу