Халал индустриясын өнүктүрүү жана соода потенциалын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду

Новости
10-Ноябрь 2023-ж.
915

2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин Чоң жыйындар залында министрдин орун басары Назарбек Малаевдин,  Кыргыз Республикасынын эт жана эт продуктыларын кайра иштетуучу ишканаларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү катышуусунда «Кыргыз Республикасындагы эт халал паркы» долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин бет ачары болуп өттү.  

Министрдин орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети акыркы жылдары Кыргыз Республикасында халал индустриясын өнүктүрүү боюнча аракеттерди жана программаларды демилгелеп келет. Халал багытын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасында Халал индустриясын өнүктүрүү борбору түзүлгөн. Бүгүнкү күндө халал индустриясын өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары кабыл алынган.

Андан кийин Кыргыз Республикасындагы халал эт паркынын долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесинин презентациясы тартууланды. Бул долбоордун максаты - халал стандарттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында адал эт кайра иштетүү паркын түзүүгө инвестицияларды тартып негиздөө болуп саналат.

Заманбап халал эт кайра иштетүү парктары нарк түзүүнүн натыйжалуулугун, эт азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатат жана ички рынокто да, эл аралык соодада да жеткирүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо аркылуу мал чарба тармагын өнүктүрүүгө салым кошот.

Техникалык-экономикалык негиздемени бир кыргызстандык жана эки малайзиялык компаниядан турган Консорциум иштеп чыккан.

Бул отчетту түзүү үчүн эксперттер тобу көптөгөн кызыкдар тараптар менен консультацияларды, фермерлер менен фокус-топтук талкууларды, негизги информаторлор менен маектешүүлөрдү, рынок жана техникалык изилдөөлөрдү, семинарларды, жолугушууларды, таанышуу турларын жана телеконференцияларды өткөрдү. Өлкөнүн фермердик чарбалары, жеке касапканалардын өкүлдөрү, эт азыктарын өндүрүүчүлөр, мамлекеттик кызматкерлер, логистикалык операторлор, ассоциациялар жана илимий борборлор менен жолугушуу болуп өттү.

Мындан тышкары халал индустриясын өнүктүрүү жана соода потенциалын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Кыргыз Республикасынын атынан директор Алмаз Кайырбеков жана «Аль Бадр» ЖЧКсынын атынан «Аль Бадр» ЖЧКсынын директору Фалех Султан Н Альмутаири катышты.

Халал индустриясын комплекстүү өнүктүрүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана Тараптардын ортосунда узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында «Өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясынын директору Алмаз Кайырбеков жана Кыргыз Республикасынын Эт өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ассоциациясы «Кыргыз Эт» ААК төрагасы Алмаз Тилекеев.

Мындан тышкары халал индустриясын өнүктүрүү жана соода потенциалын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Кыргыз Республикасынын атынан директор Алмаз Кайырбеков жана «Аль Бадр» ЖЧКсынын атынан «Аль Бадр» ЖЧКсынын директору Фалех Султан Н Альмутаири катышты.

Халал индустриясын комплекстүү өнүктүрүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана Тараптардын ортосунда узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясынын директору Алмаз Кайырбеков жана Кыргыз Республикасынын Эт өндүрүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр ассоциациясынын «Кыргыз Эт» ААК төрагасы Алмаз Тилекеев кол коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу