Басма сөз билдирүү Бишкекте Климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук форум өтөт

Новости
09-Ноябрь 2023-ж.
542

Кызыкдар тараптардын ортосундагы диалогду күчөтүү жана климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук саясатты талкуулоо, алдыга жылдыруу максатында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги UNISON GROUP жана ПРООН менен биргеликте Климаттын өзгөрүшү боюнча “Кыргызстан алдыда Климаттын өзгөрүшү боюнча COP-28: позицияларды өнүктүрүү боюнча диалогдор” аттуу Улуттук форумду өткөрөт.

Форумдун негизги максаты – климаттын өзгөрүүсү боюнча Тараптардын Конференциясынын 28-жыйынынын (COP28) алдында министрликтер менен ведомстволордун, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коом институттарынын позицияларын координациялоо үчүн диалог аянтчасын түзүү.

Улуттук форум 2023-жылдын 10-ноябрында саат 09:00дөн 17:30га чейин Hyatt Regency мейманканасында мамлекеттик, эл аралык, жеке жана академиялык секторлордун 100дөн ашык өкүлдөрүнүн катышуусунда болот.

Басма сөз кызматкерлери үчүн интервью 11:30га белгиленген.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу