Министр Д.Амангелдиев Кыргызстан элин Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Новости
07-Ноябрь 2023-ж.
903

«Урматтуу кесиптештер, кыргызстандыктар!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын дилимден куттуктайм!


Жыл сайын 7-8-ноябрда республикада Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленет. Бул даталар кыргыз элинин турмушунда болуп өткөн негизги тарыхый окуяларды эске салып турат. Биз сыймыктана турган бай тарыхты бизге тартуулаган, эгемендүү Кыргыз Республикасынын чыңдалышына негиз салган ата-бабаларыбыздын жаркын элесине таазим этебиз.


Кыргызстан эркиндикке, эгемендүүлүккө жетүү жолунда көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Ал эми тарыхыбызды билүү менен гана туура сабак ала алабыз. Андыктан, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө биз өткөнгө көз чаптырып, келечекке карайбыз. Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуу тарых алдындагы ыйык милдет.


Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсун!

Кыргызстанга стабилдүүлүк, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү болсун!”


Урматтоо менен,

Министр                                                                                                       Д.Дж.Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу