Министр Д.Амангелдиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Новости
07-Ноябрь 2023-ж.
784

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!

Урматтуу журналистиканын ардагерлери!


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан, жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм!


Бүгүнкү күндө заманбап коомду коомдук пикирди калыптандырууда, адеп-ахлактык баалуулуктарды жандандырууда маанилүү роль ойногон маалымат каражаттарысыз элестетүү мүмкүн эмес. Сиздер демократияны, рынок мамилелерин жана жарандык коомду өнүктүрүүгө катышасыздар.


Биздин министрликтин коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүндө өнөктөш экениңиздери түшүнүү жагымдуу.


Сиздерге чын ниетимден түгөнгүс энергия, ишенимдүү окурмандар, финансылык туруктуулук, көз карандысыздык жана гүлдөп өнүгүү каалайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңызга бакыт жана ийгилик!»


Чын жүрөктөн каалоолор менен,

Министр                                                                                                      Д. Дж. Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу