Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору жалпы талкуулоого чыгарылууда

Новости
22-Октябрь 2015-ж.
1947

Бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максаттарында Экономика министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору иштелип чыкты, анда КР СК 108-беренесине төмөнкү толуктоолорду киргизүү каралган:

- нефть продуктуларын иштетүүнү эсепке алууда контролдоодо контролдук пломбаларды колдонуу;

- жалданган жумушчулар менен эмгек келишимдеринин болушу жана киреше салыгын төлөбөө.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жогоруда аталган пункттардын жок болгондугунан улам айрым ишкердик субъекттери рейддик салык контролунун жүрүшүнө жол бербей жатышат.

Мыйзам долбоору менен толугураак бул жерден таанышсаңыздар болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу