“Кыргызстанда жасалган” улуттук брендинин логотибин түзүү боюнча сынак башталды

Новости
01-Ноябрь 2023-ж.
8090

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте “Кыргызстанда жасалган” улуттук брендинин логотибин түзүү боюнча сынактын башталышын жарыялайт. Катышуу үчүн “Кыргызстанда жасалган” улуттук брендинин заманбап, оригиналдуу, оңой таанылуучу логотибин ойлоп табуу керек.

Сынакка бойго жеткен бардык каалоочулар катышууга уруксат берилет. Сынакка ар бир катышуучу бир номинация боюнча бирден гана эмгек бере алат.

Конкурстун этаптары:

1-этап: 2023-жылдын 1-ноябрынан 15-ноябрына чейин.

Өтүнмөлөр сынактык иштер менен бирге info@cci.kg электрондук дареги боюнча кабыл алынат, анда “Кыргызстанда жасалган” улуттук брендинин логотиби бар.

Арыздардын түп нускасын кабыл алуу: 720001, Бишкек Киев көч., 107,

конвертте «Кыргызстанда жасалган» улуттук брендинин логотиби менен.

2-этап: 2023-жылдын 15-ноябрынан 30-ноябрына чейин.

Калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан сынактык иштерди баалоо, жыйынтыгын чыгаруу.

3-этап: 1-декабрь, 2023-жыл.

Жеңүүчүнү сыйлоо.

Конкурстук иштерге талаптар мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алынат.

Логотип файл катары PDF/JPG//PNG форматында берилет, кеңейтилиши кеминде 300 dpi жана көлөмү 4 мегабайттан ашпайт.

Логотип оңой эле таанылып, оригиналдуу графикалык элементти жана шрифттин аталышын камтышы керек.

Сынактын жеңүүчүсү диплом жана 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу