Техникалык регламенттер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери башталды

Новости
31-Октябрь 2023-ж.
1044

Республиканын экспорттук потенциалын жана атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Министрлик тарабынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын региондорунда: Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарында колдонуудагы техникалык регламенттердин талаптарын түшүндүрүү боюнча семинарларды өткөрүү пландаштырылууда.


Ата мекендик продукциянын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рынокторуна жана жалпысынан дүйнөлүк рынокторго чыгуусунун маанилүү шарттарынын бири техникалык регламенттердин талаптарын сактоо болуп саналат.


Бүгүн, 2023-жылдын 31-ноябрында семинар Талас шаарында өткөрүлүп жатат.


Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын, КР ЭК министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун адистери тарабынан тамак-аш коопсуздугу жаатындагы колдонуудагы техникалык регламенттердин негизги жоболору, стандарттар жана продукцияны рынокко чыгаруунун шарттары жөнүндө маалымат берилет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу