Министр Д.Амангелдиев менен ЕРӨБ Борбордук Азиядагы Башкаруучу директору Харгитай айым жеке секторду өнүктүрүү маселелерин жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду талкуулашты

Новости
31-Октябрь 2023-ж.
1249

2023-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында энергетика жана инфраструктуралык долбоорлорду илгерилетүү боюнча жогорку жетекчилик тарабынан коюлган милдеттердин алкагында министр Данияр Амангелдиевдин Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы  башкаруучу директору Жужанна Харгитай жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө энергетика тармагындагы долбоорлор, суу менен камсыздоо, транспорт жана инфраструктура тармагындагы бир катар инвестициялык долбоорлор, ошондой эле кичи жана орто бизнести колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана программаларды ар тараптуу колдоого даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Жужанна Харгитай айым ЕРӨБ Кыргыз Республикасына ишкердикти, энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Амангелдиев менен Харгитай айым жеке секторду өнүктүрүү маселелерин жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча долбоорлорду талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Ысык-Көл айланма жолун жакшыртуу (Балбай Баатыр айылы – Каракол шаары участкасы)», “Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо  жана Кыргыз Республикасынын электр менен камсыздоосун санариптештирүү” сыяктуу долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу