Товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат берүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча

Новости
31-Октябрь 2023-ж.
1316

2023-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин тышкы экономикалык иштин катышуучуларына уруксат берүү жол-жоболорун оптималдаштырууга жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине уруксат берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому кабыл алынды.

Бул токтомдун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кызматтык жана жарандык курал-жарактарды, алардын негизги бөлүктөрүн жана патрондорун алып кирүүгө жана алып чыгууга уруксат берүү функциясы берилди. Бул тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан түз көзөмөлдү камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине адамдын органдарын жана ткандарын, канын жана анын компоненттерин, ошондой эле адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн алып келүүгө жана алып чыгууга уруксат берүү функциясы берилди. Мындай чечим бул товарлардын өзгөчөлүгүнө жана аларды ыйгарым укуктуу орган тарабынан мүмкүн болушунча тез арада лицензиялоо зарылдыгына байланыштуу.

Ошондой эле, токтомдун алкагында эксперттик уюм тарабынан уруксат алуу үчүн арыздарды кароо мөөнөтү бир топ кыскартылды. 7 жумушчу күндүн ордуна кароо мөөнөтү 3 жумушчу күнгө чейин кыскартылды. Бул уруксат берүү процессин тездетет жана Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатат.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу