Министр Д.Амангелдиевдин “И.П. Бардин атындагы кара металлургия Борбордук илимий изилдөө институтунун” ФМУИ өкүлдөрү менен жолугушуусу жөнүндө

Новости
30-Октябрь 2023-ж.
1140

2023-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «И.П. Бардин атындагы Кара металлургия борбордук илимий-изилдөө институту» Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын башкы директору Виктор Семенов менен жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушуунун максаты:

- Кыргыз Республикасында кара металлургияны өнүктүрүү стратегиясын түзүү;

- тоо-металлургиялык комбинатты куруу;

- баалуу материалдарды казып алуу жана потенциалдуу техногендик коркунучтарды жоюу үчүн калдык сактоочу жайларды изилдөө;

-кара металлургияда руданы колдонуунун эффективдүү жолун аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын темир рудасынын (Гава, Надир, Жетим, Бала-Чычкан) кендерин изилдөө.

Бул жолугушууда ФМУИнун И.П. Бардин атындагы компаниясы кара металлургиянын алдыңкы илимий-изилдөө институту, болоттун жана эритмелердин 500 маркасын жана 300 так эритмесин иштеп чыгуучу, ойлоп табууларга 74 патенттин жана 5500 техникалык шарттардын автордук укук ээси, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы металлургияны өнүктүрүү программасы тартууланды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу